Жаңылыктар
Экономикалык аткезчилик. Казынага 2 млн. 522 миң сом кайтарылды
Кылмыш
Экономикалык аткезчилик. Казынага 2 млн. 522 миң сом кайтарылды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы салыктан жана бажыдан качып, бюджетке зыян келтирилген 2 млн. 522 миң сомду кайтарды. Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, ушул жылдын июль айында "Даф" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны токтотуп, текшерген учурда товардын 10 түрүнө гана декларация толтурулуп, иш жүзүндө 43 товардын түрү бар экени аныкталган. 

Унаа Кытайдан керектөөчү товарларды жүктөп келе жаткан. Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "экономикалык аткезчилик" беренеси боюнча катталды. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө бюджетке 2 млн. 522 миң сом кайтарылды. Териштирүү уланууда.