Мамлекетти, көз карандысыздыкты коргоо кандай кажет болсо, тилди сактоо да ошондой мааниге ээ. Бул туурасында Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кыргыз тилине мамлекеттик макам берилгенине 30 жыл толгонуна байланыштуу Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп жаткан салтанаттуу иш-чарада айтты.
Мамлекет башчы белгилегендей, алдыбызда эне тилди сактап калуу гана эмес, өстүрүү, өркүндөтүү милдети турат. Өлкө башчысынын айтуусунда, мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынган отуз жылдан бери кыргыз тили бир кыйла өнүктү, байыды. Алдыда өлкөдөгү бардык улуттарга орток тил болуп, жашоо практикасына терең киргизүү милдети турат.
"Дүйнөлүк билимдин, технологиянын, маданияттын эшигин өзүбүз жаап салбайлы. Өлкөбүз билимдүү, эне тили менен катар, бир нече чет тилдерде сүйлөп, пайдалана билген кесипкөй жаштарга муктаж. Ааламга кеңири карап, жаштарга тарбия, билим берели, өзүбүз үлгү бололу. Төртүнчү, тилди күч менен, зордук менен жайылтып, өнүктүрүү — мүмкүн эмес. Тил — бул тирүү организм, анын өнүгүүсүнүн өз мыйзам ченемдери бар. Көп жылдан бери кыргыз тилинин абалы боюнча олуттуу изилдөө жүргүзүлө элек. Азыркы программанын кемчиликтерин, отуз жылдык тажрыбайбызды, турмуш чындыгын эске алып, акыл калчап, баарын салмактап, жаӊы программаны түзүү милдети турат. Жаңы программа кагаз түрүндө эле калбашы үчүн — тилди өнүктүрүүнүн анык механизми, чыныгы жол картасы болушу зарыл. Бул багыттагы иштерди азыртадан баштоо керек. Өкмөткө ушул өтүнүч менен кайрылам. Жогорку Кеңештен Тил саясатын аныктаган мыйзамдар тутумун терең талдап, тиешелүү мыйзамдарга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү өтүнөм.
Бешинчи, бардык билим берүү мекемелеринде кыргыз тилин азыркы заманбап методика менен, жаңы техникалык каражаттарды колдонуу аркылуу окутууга өтүүнү тездетүү зарыл. Бала бакчадан баштап, мектепте, жогорку окуу жайында, жумуш ордунда кыргыз тилин үйрөнүүгө ыңгайлуу шарт түзүү абзел.
Турмуш көрсөткөндөй, башка улуттагы жарандар, кыргыз тилин жеңил үйрөнгүдөй, ийкемдүү окуу методикасына муктаж. Жаштар үчүн кыргыз тилинде сүйлөө — аларга урмат-сый алып келгендей чөйрөнү түзүү зарыл. Бул жерде Билим берүү министрлиги чечкиндүү роль ойнойт, бирок, ал жалгыз баарын жасай албайт. Бул иштин маанисин мамлекет жетекчилеринен баштап, ар бир жаран, ар бир ата-эне жүрөгү менен сезип, ага чын дилинен катышканда гана ийгилик болот. Муну Кыргызстандын ар бир атуулу колдойт деп ишенем.
Кадырман мекендештерим! Залкар ойчул, улуу жердешибиз Чыңгыз Айтматов „Тил — ар бир элдин каны, жаны, улуттун автопортрети“ деген. Ата-бабаларыбыз тилге өзгөчө маани беришкен. Ар бир сөздү кыштай кынап, тоодой сепил куруп, бизге мурас кылышты. Дүйнөдө теӊдеши жок көркөм дөөлөттү — "Манас" эпосун жараткан кыргыз тили — жаӊы муундун жан дүйнөсүн жаңыртып, улуттун улуу руханий байлыгына жеткирет.
Эне тилибизди кастарлап, барктап-баалайлы.
Мамлекеттик тилибиздин келечеги кең болсун.
Ынтымагы бекем, духу бийик, руху күчтүү, журт бололу!
Элибизде ар дайым аманчылык, жергебизде дайыма тынчтык болсун!
Сүйүктүү Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай Өзү колдосун!", - деди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков.