Жаңылыктар
Кыргыз делегациясы “Борбордук Азия + АКШ” жолугушууга катышты
Саясат
Кыргыз делегациясы “Борбордук Азия + АКШ” жолугушууга катышты

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков башында турган Кыргыз делегациясы “Борбордук Азия + АКШ” кызматташтык форматындагы Министрлик жолугушууга катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди. 

 Айдарбеков күн тартибине ылайык Кыргызстандын улуттук приоритеттерин атады.  Ошондой эле алардын АКШ менен мамилелеринде соода-экономикалык кызматташтыкка басым жасоо аркылуу бул форматта регионалдык өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү сунуштады.  

Тараптар Борбор  Азия өлкөлөрүнүн АКШ менен калыптанып калган кызматташтык форматынын алкагында өз ара аракеттенүүсүн улантуу  боюнча  макулдашууга жетишти.  Ошондой эле, “С5+1” отурумунун жыйынтыгында Чынгыз Айдарбеков АКШ Мамлекеттик катчысы Помпео менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков баштаган кыргыз делегациясы   28-сентябрга чейин өтө турчу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамлеясынын 74-сессиясынын жалпы дебаттарына катышууда.