Жаңылыктар
Бүгүн мамлекеттик тил күнү белгиленип жатат
Билим
Бүгүн мамлекеттик тил күнү белгиленип жатат

 Бүгүн 23-сентябрь, Кыргызстанда Мамлекеттик Тил күнү белгиленип жатат. Буга байланыштуу  Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда салнаттуу иш чара өттү. 

Ага өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков катышууда.  «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү» мыйзам 1989-жылдын 23-сентябрында кабыл алынган.