Жаңылыктар
Кылымдарды карыткан кыргыз тили Нарында салатанат менен белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Кылымдарды карыткан кыргыз тили Нарында салатанат менен белгиленди

Майрамдык иш-чарада мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана жайылтууда омоктуу ойлор айтылып, концерттик программа менен коштолду. Ага окуучулар менен студенттер катышышты.

Константин өзүнүн атын кыргызча Турсунбек деген ысымга жакын экендигин айтат. Кыргыз тилин ал 13 күндө эле өздөштүргөн. Борбордук Азия университетине келгенден тарта тилге кызыгып, күнү-түнү үйрөнүүгө киришкен. Сахнада кыргыз тилинде обон созуп ырдаган жаштар ар кайсы улуттун өкүлдөрү. Алар Нарындагы Борбордук Азия университетинде окушат. Көбүнчө сабактар англис тилинде өтүлгөнү менен кыргыз тили жумасына бир ирет өтүлөт. 

Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара салтанаттуу белгиленди. Бул күнү облустун ар бир районунан тарта айыл жергесине чейин тилди даңктоо жөрөлгөлөрү жүрдү. Саамалыкка окуучулар, студенттер жана мамлекеттик кызматкерлер катышты.
Касымбек Мамытов Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун жетекчиси “ Бул иш-чараны жылда мыкты деңгээлде өткөрүүгө аракет кылып келебиз. Быйыл да жакшы буйруса....”

Тилибиз — ата-бабабыз бизге калтырган ыйык аманат, биз урпактарга жеткирчү негизги милдет. Мамлекетти, көз карандысыздыкты коргоо кандай кажет болсо, тилди сактоо да ошондой мааниге ээ.