Жаңылыктар
Мындан ары гемодиализ кызматы акысыз көрсөтүлөт
Ден соолук
Мындан ары гемодиализ кызматы акысыз көрсөтүлөт

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Мурда бул процедурага бейтаптар айына 60 миң сом сарптап келишчү. Финансылык жактан көйгөй жаралган жарандар гемодиализдин жеңилдетилген процедурасына кезекке туруп келишкен. Эми жакындан баштап гемодиализ баары үчүн акысыз болуп калды.

Көптөгөн жылдар бою дарыгер болуп иштеген Калиманын эжеси Рахима Жусумалиева өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинин акыркы стадиясында. Болжол менен 3 ай мурда ага кесиптештеринин жардамы керек болгон. Айта кетсек 2 ай ичинде Жусумалиева гемодиализ кызматына эле, жүз элүү миң сомго чукул каражат сарптаган. Бирок, бүгүнкү күндө Калима үчүн бул дарылоо акысыз болуп калды. 

Саламаттыкты сактоо мининстрилигинде кезек күткөндөр жокко эсе. Өкмөттүн "бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу жана жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө"жаңы токтомунун аркасы менен жарандарга жеңилдик жаралууда. Мурда көпчүлүк бейтаптар бир нече категорияларга бөлүнүп, кезекке турчу. Эми алардын баары бир категорияда каралып, бейтаптар гемодиализди акысыз ала алат.

Кызмат көрсөтүүнү каржылоо Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу бирдиктүү катталган баа боюнча жүргүзөт. Ал эми бул жылы ал 4700 сомду түзөт. Бардык бейтаптар бирдей шарттарда жана бирдей баа менен гемодиализ кызматын ала алышат. Бирдиктүү белгиленген баа коюнун аркасы менен, жеке клиникаларда гемодиализ кызматын пайдалануу үнөмдү болуп калды. Буга чейин 153 бейтап өз эсебинен гемодиализди алып келишсе эми алар акысыз дарыланууга толугу менен которулган.