Жаңылыктар
Мамлекеттик тил күнү Жалал-Абад шаарында да белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик тил күнү Жалал-Абад шаарында да белгиленди

Калаадагы ар улуттун өкүлдөрү кыргыз тилинде ырдап, тилдин баалулугун даңазалашты. Мектептерде тил майрамына байланыштуу майрамдык иш-чаралар өттү. Жалал-Абад шаарынын мектептеринде мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чаралар уюштурулду. Калаадагы өзбек тилдүү №8 орто мектепте “Кыргыз тилим менин мурасым” аттуу адабий кече өттү. Анда окуучулар "Манас", "Семетей" эпосунан үзүндү көрсөтүп, көркөм окуп беришти. 

Ал эми орус улутундагы Никита менен корей улутундагы Артур калаадагы №5 Бекмамат Осмонов атындагы мектеп-гимназиясында окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн класста билим алышат. Артур кыргыз тилиндеги китептерди окуп, кыргыз тилинде сүйлөшкөнгө аракет кылат. Никита болсо кыргызча түш жоруйт. 

Бул күнү шаардык мэрия мамлекеттик тидин 30 жылдыгына карата салтанаттуу майрам уюштурду. Ага ар улуттун өкүлдөрү катышып, кыргызча ырларды аткарышты. Майрамдын жүрүшүндө кыргыз тилин даңазалоо, тилдин улуулугу, анын оорду тууралуу баяндалды. 

Буга чейин Жалал-Абад облусунда ар улуттун өкүлдөрүнүн катышуусунда “Ырдайлы кыргыз ырларын” аттуу ыр кесе башталган. Кыргыз тилин өнүктүрүүгө, аны даңазалоо максатында уюштурулган иш-чара аяктап калды. Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда 30 дан ашуун улут бар. Ынтымакта, биримдикте жашап жаткан көп улутту дубанда кыргыз тилин үйрөнүүгө ыктаган башка улуттар барган сайын арбып барат.