Жаңылыктар
Согуш жүргөн аймактарда төрөлгөн балдардын саны 29 миллиондон ашты
Дүйнө
Согуш жүргөн аймактарда төрөлгөн балдардын саны 29 миллиондон ашты

Былтыр Афганистан, Сомали, Түштүк Судан, Сирия жана Йемендин согуш жүрүп жаткан аймактарында 29 миллиондон ашык бала төрөлгөн. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду билдирди. 

Фонддун баяндамасында белгиленгендей, бул былтыр жалпы жарык дүйнөгө келген балдардын дээрлик ар бир бешинчиси жашоосунун алгачкы учурларын согуш жүрүп жаткан башаламан шартта өткөргөн дегенди билдирет. 

ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Генриетта Форе көптөгөн өлкөлөрдө куралдуу кагылыштар ата-энелер менен балдарды жашоо үчүн маанилүү болгон негизги шарттардан чектей турганын айтты.