Жаңылыктар
Мамлекеттик тил күнү Москвада белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик тил күнү Москвада белгиленди

 

“Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилгендигинин 30 жылдыгы Москва шаарында да белгиленди. Мында кыргыз тил маселеси, чет жерде  өзгөчө курч тургандыгы баса белгиленди. 

Салтанатта сөз сүйлөгөндөр, эмгек мигранттарынын балдарынын арасындагы көйгөй  – эне тилин унутуп калгандыгын айтып өттү. Көп балдар эне тилин унутуп койсо, чет жерде төрөлүп өскөндөрү кыргыз тилин таптакыр билбей чоңоюда. 

Бүгүнкү күндө тилге кайдыгер карабаган жарандар, кыргыз тилин окуп үйрөтүү боюнча атайын ийримдер менен борборлорду ачууда. Бул  окуулар чет жердеги жаш балдарга атайын ылайыкталган. Кыргыз эл жомоктору, ыр, бий аркылуу, ошондой эле,  улуттук оюндарды ойнотуп, каада-салт аркылуу, ата баба тарыхы менен тааныштырып, үйрөтөт. 

Мамлекеттик тил күнүнө арналган саамалыкка Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов менен  Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков катышты. Элчи өз сөзүндө, кыргыз тилин окуп үйрөтүү боюнча борборлорду, ийримдерди Россиянын аймагында көбөйтүү боюнча, биргелешип иш алып барууга даяр экенин белгиледи. 

Окуулар өтүүчү кеңселер боюнча маселени чечүүдө дипломатиялык өкүлчүлүк жардам берерин кошумчалады. Ал эми бул жердеги акын-жазуучулар, кыргыз тилине кошуп жаткан салымдарын белгилеп өттү.