Жаңылыктар
Кыргыз - Түрк соода-экономикалык алакалар өнүгүүдө
Экономика
Кыргыз - Түрк соода-экономикалык алакалар өнүгүүдө

Кыргызстан менен Түркия ортосунда өз ара ишенимге негизделген өзгөчө мамиле түзүлдү. Натыйжада, кыргыз - түрк соода-экономикалык мамилелери жакшы темпте өнүгүп жатат. Мындай пикирин мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Бишкекте башталган кыргыз - түрк форумунда айтты. 

Өлкө башчы белгилегендей, өлкөлөр ортосундагы инвестициялык кызматташтык да акырындык менен өнүгүүдө. Былтыр Түркиядан 93 млн доллардан ашык инвестиция келген. Түркиядан Кыргызстанга эгемендик жылдардан бери бүгүнкү күнгө чейин тартылган түз инвестициялардын көлөмү 600 млн доллардан ашат. Ошентсе да, эки өлкөнүн ортосудагы экономикалык дарамет толук колдонулбай жатат десек болот. 

Президент Түрк лидери менен соода жүгүртүүнүн көлөмүн жакынкы жылдары 400 млн. доллардан бир миллиард долларга жеткирүү боюнча сүйлөшкөнүн эске салып, бул багыттагы иш-аракеттерибизди күчөтүү зарыл экендигин айтты.

"Кыргыз - түрк бизнес-форуму жыл сайын өткөрүлчү маанилүү иш чарага айланып баратат.
Бул форумду биздин ишкерлерибиздин кызматташтыгына дем берүүчү кадам катары баалайбыз.
Учурда кыргыз жергесинде жүздөгөн кыргыз-түрк ишканалары иштеп жатат.
Ушул залда биздин өлкөлөрдүн өнүгүшүнө ак эмгеги менен чоң салым кошуп жаткан бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү отурасыздар.
Түрк ишкерлери менен ар тараптуу өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө кызыкдарбыз.
Биз инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү багытында чоң иш-аракеттерди аткардык. Жыйынтыгында бизнес жүргүзүү үчүн Кыргызстанда абдан ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
Урматтуу достор! Кыргызстандын экономикалык потенциалын көтөрүүгө багытталган бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууну максат кылабыз. Өлкөнүн транзиттик дараметин пайдалануу үчүн транспорт инфраструктурасын жакшыртабыз. Автомобиль жана темир жол байланыштарын кеңейтебиз, авиаташуулар рыногун өнүктүрүп, соода-логистикалык хабдарды түзөбүз.
Инвесторлор кызыга турган чакан жана ири ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорубуз бар. Туризм багытында да чогуу долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөр арбын.

Кыргыз тарап экологиялык жактан таза органикалык продукцияларды, анын ичинде этти, кургатылган жемиштерди, балды, жаңгак жана төө бурчакты экспорттоонун көлөмүн көбөйтүүгө даяр. Алар Түркиянын рыногунда өз ордун табат деп ишенебиз. Санариптештирүү жаатында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүүнү ишке ашыруудабыз. Түркиянын маалымат технологиялар чөйрөсүндө жетишкендиктерин эске алуу менен, бул тармак түркиялык достор үчүн кызыгуу жаратат деп ойлойм.

Урматтуу айымдар жана мырзалар! Мен Сиздерди жогоруда аталган тармактарга инвестиция салууга чакырам. Кыргызстанда инвестордун активдери жана жеке менчиги кол тийгис, буга Кыргыз мамлекети толук кепилдик берет. Мунун натыйжасында бүгүн биз жагымдуу окуяга күбө болуп отурабыз. Бишкек шаарында Дүйнөлүк атагы бар Шератон мейманканасы ачылууда.

Бул өлкөнүн туризм тармагынын өнүгүшүнө өз салымын кошот деп ишенебиз.
Бул долбоорду ишке ашырган Түркиялык досторубузга, Айдын Мыстачоглу мырзага ыраазылык билдиребиз. Эки элдин достугуна кызмат кылган эмгегинде ийгиликтерди каалайбыз. Бүгүнкү форум жаңы тармактарда кызматташууга жана өз ара пайдалуу келишимдерге жетишүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Бул жолугушуу өз ара пайдалуу инвестициялардын көлөмүнүн өсүшүнө кошумча түрткү болот.
Эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган маанилүү кадам.
Урматтуу форумдун катышуучулары! Баарыңыздарга ийгиликтерди, жакшылыктарды каалайм.
Боордош эки элдин ынтымагы бекем болсун! Баарыбызды Жараткан Кудай Өзү колдосун! Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат"
,- деди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков.