Жаңылыктар
Абылгазиев: Эне тилде сүйлөбөй туруп, тилди сактоо жана өнүктүрүү мүмкүн эмес
Билим
Абылгазиев: Эне тилде сүйлөбөй туруп, тилди сактоо жана өнүктүрүү мүмкүн эмес

Эне тилге көңүл бурбасак жана сүйбөсөк, кыргыз тилин сактоо жана өнүктүрүү мүмкүн эмес. Бул туурасында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлерин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынганына 30 жыл толушу менен куттуктаган учурда айтты. Өкмөт башчы белгилегендей, учурда ааламдашуунун алкагында бара-бара эки тилдүү чөйрөнүн ордун басып келе жаткан көп тил билген муундун өсүүсү байкалууда. 

«Кыргыз тилинин тарыхы бай жана сөз байлыгы кенен, ал мындан ары карай дагы өнүгүп, өркүндөй берет. Биздин милдетибиз - эне тилибизди көздүн карегиндей сактап, кийинки муунга өткөрүп берүү. Ал үчүн ар бир жаран мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө салым кошууну өзүнөн баштоого тийиш», - деди Өкмөт башчы. 

Иш-чаранын соңунда, Премьер-министр Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлерине кыргыз тилиндеги китептерди, сөздүктөрдү жана окуу-усулдук куралдарды тапшырды.

"Өлкөдө кыргыз тилин өнүктүрүүгө багытталган бардык механизмдер иштөөсү зарыл. Биринчиден, санариптештирүү иштеринин алкагында, Интернет мейкиндигинде кыргыз тилин колдонууну күчөтүү жана кыргыз тилин компьютердик программаларга киргизүү боюнча күч-аракеттерди колдоо зарыл. Экинчиден, кыргыз тилин илим жана билим берүүнүн тилине айлантуу баштапкы стратегиялык милдеттердин бири болуп саналат. Ал үчүн бардык тиешелүү тараптардын талыкпаган жана жооптуу иши талап кылынат. Үчүнчүдөн, эне тилин үйрөнүү эрте курактан башталышы кажет. Бул үчүн балдардын тилди үйрөнүүгө каалоосун ойгото турган китептерди жана сүрөттүү китепчелерди, электрондук оюндарды жана тиркемелерди чыгаруу иштерин арттыруу абзел",- деди Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.