Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасындагы тургундар футбол ойношту
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасындагы тургундар футбол ойношту

Кыргыз-тажик чек арасындагы тургундар футбол ойношту. Оюн 23-сентябрда Лейлек районунун Максат айылы менен Тажикстандын Согди облусунун Бободжон Гафуров районунун жашоочулары ортосунда болду. Ар бир команданын түзүмүнө эки мамлекеттен бештен оюнчу кирген. Жыйынтыгында эки команда тең чыгып, оюнчуларга Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов тарабынан акчалай сыйлыктар, ал эми Бободжон Гафуров районунун акими Зариф Назири тарабынан баалуу белектер тапшырылды.

«Бул иш-чара эки өлкөнүн мамилесин чыңдап, достугун бекемдөөгө өбөлгө болот деген ишеничтемин. Бүгүнкү күндө чек арада абал тынч. Чек арачылар күч түзүмдөрү коомдук коопсуздукту көзөмөлдөп турушат», - деди Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов.

Спорттук оюнга Бободжон Гафуров районунун акими Зариф Назири баштаган жетекчилер, кыргыз тараптан облустук администрациянын өкүлдөрү жана эки тараптын укук коргоо органдарынын кызматкерлери күбө болушту.