Жаңылыктар
Пара талап кылган милиция кызматкерлери кармалды
Коррупция
Пара талап кылган милиция кызматкерлери кармалды

Октябрь райондук Ички иштер бөлүмүнүн пара алып жатып колго түшкөн төрт милиционери алгач бишкектик тургундан 5 миң доллар талап кылган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти. 

23-сентябрдын кечинде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Октябрь райондук Ички иштер бөлүмүнүн төрт кызматкерин пара алып жаткан жеринен кармагандыгы кабарланган. Милицияга арыз 16-сентябрда келип түшкөн. Анда Бишкектин тургуну милиция кызматкерлери "сага тийбейбиз, иш козгобойбуз" деп 5 миң доллар талап кылып жатканын билдирген. 

Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Акча талап кылуу" беренеси менен катталган. Андан соң 23-сентябрда Ахунбаев менен Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Октябрь районунун Криминалдык милициясынын кызматкерлери, үч ага лейтенант кармалган. Алардын жанынан 1 миң доллар чыккан. ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери милициянын ага лейтенантынын иш бөлмөсүнөн акча талап кылган жаран боюнча соттук өндүрүшкө жетпей кыскартылган иш боюнча документ тапкан. Ал адам да Финансы полициясына жеткирилген. Сурак бүткөндөн кийин милициянын төрт кызматкери тең Бишкек шаарындагы убактылуу кармоочу жайга жеткирилген.

ИИМден бул кесиптештери тууралуу дагы бир маалыматты кошумча билдиришти. Буга чейин бул үч кызматкердин үстүнөн дагы бир жарандан 5 миң доллар пара талап кылган деген негиздеги арыз түшкөн.