Жаңылыктар
Кыргыз спортчу Абдурахман Муртазалиев дүйнө чемпионатында алтын медаль утту
Спорт
Кыргыз спортчу Абдурахман Муртазалиев дүйнө чемпионатында алтын медаль утту

Кыргызстандык спортчу Абдурахман Муртазалиев грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту. 

 Турнир Казакстандын Нур-Султан шаарында 22-23-сентябрь күндөрү өткөн. Муртазалиев 84 килограммга чейинки спортчулар арасында күч сынаган. 

Чейрек финалда атаандашыамерикалык Жоната Поланы , жарым финалда италиялык Риккардо Бертинини дагы  уткан. Ал эми финалдык беттеште кыргызстандыкспортчу Павла Недзи менен беттешип, аны жеңип алды. 

Жыйынтыгында алтын медальутуп, дүйнө чемпиону аталды. Эске салсак, күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде Айсулуу Тыныбекова  байгелүү орунду багындырды. Ал өз салмагындабаарынан мыкты чыгып, Кыргызстандын тарыхында алгачкы дүйнө чемпиону болупкалды.