Жаңылыктар
Бишкектеги №29 мектеп-гимназиясында заманбап спорт зал курулду
Спорт
Бишкектеги №29 мектеп-гимназиясында заманбап спорт зал курулду

Бишкектеги №29 мектеп-гимназиясында заманбап салынган спорт залдын ачылышы болду. Спорт залга жалпысынан 38 миллион 900 миңден ашык каражат кеткен. Залда электр кубаты үнөмдүү колдонулат, анткени ал заманбап технологиялар менен жабдылган. Спорт зал АРИС программасынын “Карыздык милдеттемелерди конверсиялоо III коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин азайтуу” долбоорунун алкагында ишке ашты. Белгилей кетсек, аталган долбоор алты жыл аралыгында өлкөдө 34 объект курган. Аларга мектеп, бала бакча жана спорт залдар кирет. Мындай объектилер Кыргызстандын тышкы карызын кыскартканга мүмкүндүк түзөт.