Жаңылыктар
Жамал Сейдакматованын 80 жылдыгына карата «Арт-Ордо» фестивалы башталды
Маданият
Жамал Сейдакматованын 80 жылдыгына карата «Арт-Ордо» фестивалы башталды

23 - сентябрда  Ош шаарында  КРнын  Эл артисти Жамал Сейдакматованын 80 жылдыгына  карата «Арт-Ордо» эл аралык VII театр фестивалы  башталды. 

Фестивалга  Азербайжан, Казахстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркия, Россия жана Кыргызстандын өкүлдөрү катышууда.  

Иш-чаранын алкагында  Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында, Бабур атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрында, Кыргызстан кинотеатрында спектаклдер коюлат.