Жаңылыктар
Кыргызстандык спортчулар 11 медалга ээ болушту
Спорт
Кыргызстандык спортчулар 11 медалга ээ болушту

POST1RIGHT

Нур-Султан шаарында өткөн грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчулар 11 медаль алышты. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча федерациядан кабарлашты. Эки күнгө созулган мелдеш 23-сентябрда аяктады.

Кыргызстандык спортчу Абдурахман Муртазалиев алтын жана Абдылдабек Кекенов күмүш медалдарга ээ болушса, калган спортчулар куржунга тогуз коло медаль салышты. Жалпы командалык эсепте кыргызстандыктар Россиядан кийин экинчи орунга татыган. 

Грэпплинг япондордун жиу-житсу кармашынын европалык үлгүсү. Ал күрөштүн бардык техникаларын камтыйт.