Жаңылыктар
Бүгүн Бишкекте кыргыз-түрк ишкерлер форуму өттү
Экономика
Бүгүн Бишкекте кыргыз-түрк ишкерлер форуму өттү

Кыргызстан транспорт инфраструктурасын жакшыртуу, темир жол жана авиа ташуу, туризм, айыл чарба жана маалыматтык технологиялар тармагын өнүктүрүүгө түрк ишкерлери менен кызматташууга даяр. 



Мындай пикирин Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-түрк ишкерлер форумунда билдирип, Түркиянын бизнес чөйрөсүн бул тармактарга инвестиция салууга чакырды. Анын үстүнө Кыргызстанда инвесторлордун менчигин коргоого бардык шарт түзүлгөн. Ишкер-форумга бул ирет Түркиядан 100дөн ашык ири бизнесмендер катышты. Иш-чаранын алдында Өлкө башчысы Дүйнөлүк атагы бар беш жылдыздуу "Шератон" мейманканасынын ачылышына катышты. 


Кыргыз-түрк ишкер форуму ишкерлер менен болочок инвесторлор көзмө-көз баарлашуучу салттуу бизнес аянтчага айланды. Анын натыйжасында бизнесине капитал таап ишин алгалап жаткан же болбосо ишенимдүү өнөктөш менен иштеп жаткан ишкерлер жок эмес. Буга Бишкекте ачылган Дүйнөлүк атагы бар беш жылдыздуу “Шератон” мейманканасынын ачылышы далил. Бул жетишкендик эки өлкөнүн ири долбоорлорду ишке ашырабыз деген максаттарынын бири.

Бул саамалыкка президент Сооронбай Жээнбеков катышып, мейманкана эки өлкөнүн туризм, инвестиция тартуу жана соода-экономикалык алакаларын бекемдөөгө кошумча түрткү бере турганын да билдирди. Мейманкананын өкүлдөрү да Кыргызстанда туризм үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөнүн айтат.