Жаңылыктар
Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө коюлган максаттар толук ишке ашты
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө коюлган максаттар толук ишке ашты

Улуттук көчмөндөр оюндарын 15 миңдей адам жакындан көрдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлап, оюндарды өткөрүүдө коюлган бардык максаттар ишке ашканын билдирди. Этноспорт менен маданият жуурулушкан ири иш-чараны өткөрүү менен улуттун баалуулуктары даңазаланып, Таласта инфраструктура да жакшыртылды. 




Маданият, маалымат жана туризм министрлиги улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө коюлган максаттар толук ишке ашты деп эсептейт. Улуттук баалуулуктарды даңазалап гана чектелбестен, инфраструктура да жакшыртылды. Себеби мындай ири иш-чараны уюштурууга бөлүнгөн 50 миллион сомдун негизги бөлүгү шаан-шөкөткө эмес, керектүү жайларды салып же оңдоого жумшалган.

Улуттук көчмөндөр оюндарын он беш миңдей адам жакындан көргөн. Өткөн аптада облус борборунда турак үйлөр да мейманкана катары кызмат кылды. Кызыгы өлкөнүн ар аймагынан баргандардын арасында Таласты алгачкы жолу көргөндөр да бар экен. Демек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары чет элдик туристтерди Кыргызстанга тартса, улуттук макамдагы иш-чара келечекте ички туризмди өнүктүрөт деген божомолдор бар.


Көпчүлүк этноспорт менен улуттук маданият жуурулушкан иш-чара Кыргызстанды дүйнөгө таанытып жатат деп эсептешет. Бул салтанаттуу азем учурунда да белгиленди. Карт тарыхты камтыган оюндарды даңазалоо аркылуу өлкө өз маданияты аркылуу дүйнөгө кол сунууда.