Жаңылыктар
Жалал-Абад облусунда пахта терими кызуу жүрүүдө
Айыл чарба
Жалал-Абад облусунда пахта терими кызуу жүрүүдө

Жалал-Абад облусунда пахта терими кызуу жүрүүдө. Дыйкандар жыйнаган пахтасын түз эле заводдорго тапшырууда. Облуста 14 жерде пахтаны кабылуу жайы иштеп жатат. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин ак алтындын туруктуу баасы чечилбей жатканы дыйкандарды санаага салууда. Быйыл облус боюнча ак алтын 700 гектар аятка көп эгилген. 



Пахта терими Базар-Коргон районунда кызуу жүрүп жаткан учур. Илхомжан СЫдыков быйыл 70 сотык жерге биринчи жолу пахта айдап, азыр алгачкы теримин баштады. Айтымында, түшүм ортодон жогору болууда.

Пахта өндүрүүчүлөр түшүм жакшы деп кубанышканы менен, аларды бычылбай жаткан ак алтындын наркы көбүрөөк ойлондурууда. Былтыр бул учурда туруктуу баа коюлуп, ал 50 сомго чейин бекитилип, пахтасын алып келген дыйкан дароо эле эсептешип кетчү.



Сатып алуучулардын айтымында, пахтага болгон баанын кечеңдеп, дагы деле чечилбей жатканы эл аралык соода-сатыкка, тагыраагы Ливерпуль пахта биржасына байланыштуу болууда.