Жаңылыктар
Кыргызстан менен Түркиянын экономикалык алакасы жылдан жылга өсүүдө
Экономика
Кыргызстан менен Түркиянын экономикалык алакасы жылдан жылга өсүүдө

Түркияда айыл чарба, текстиль, унаа жанан анын тетиктери, деңиз кемелери, курулуш материалдар жана турмуш-тиричилик товарларды өндүрүү боюнча алдыңкы мамлекеттердин катарында турат. Экономикалык жактан өнүккөн 10 өлкөнүн катарына кошулуу максатын көздөйт. Кыргызстан менен Түркиянын экономикалык алакасы жылдан жылга өсүп, экспорттук-импорттук кызматташтыктын келечеги кеңейүүдө. 



Жалпысынан Кыргызстанда 600дөн ашуун түркиялык ишкана ачылган. Анын 100дөйү жигердүү жыйынтык көрсөтүүдө. Бул компаниялардын инвестициясы былтыр 93 млн долларга жеткен.


Кыргызстан менен Туркия ортосундагы соода алмашууну миллард долларга жеткирүүнү максат кылуу былтыр Түркия президентинин Кыргызстанга болгон иш сапарында белгиленген. Турк тилдүү мамлекеттердин Кеңешинин 6-отурумунда Режеп Тайып Эрдоган эки өлкө ортосундагы кызматташтык толук кандуу жүрүү үчүн түрк ишкерлерин Кыргызстанга көбүрөк инвестициялоого чакырган.