Жаңылыктар
Кыргызстандын 130 аймагында айыл чарбаны өнүктүрүү долбоору иштөөдө
Айыл чарба
Кыргызстандын 130 аймагында айыл чарбаны өнүктүрүү долбоору иштөөдө

Кыргызстандын 130 айыл аймагында талаачылык, мал чарбасы жана кайра иштетүүгө багытталган «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” долбоору ийгиликтүү аяктады. Анын биринчи этабы 2013-жылы башталып, жалпы 25 млн. доллар жумшалган. 

6 жылда берилген гранттык жардамдын негизинде айыл чарба субъекттилери техника менен толук камсыздалып, мал короо, көчмө кой кыркуучу пункттар курулган. Ошондой эле, аталган долбоордун алкагында 100 ветеринар даярдалып, аймактарда иштеп жатат.