Жаңылыктар
Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков ант берди
Билим
 Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков ант берди

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков ант берди. Ант берүү иш-чарасына Президент Сооронбай Жээнбеков жана Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. Исаков өлкөнүн өнүгүүсү үчүн иштөөгө даярдыгын жана Кыргызстандын мыйзамдарын бузган учурда жоопкерчилик тартууга даярдыгын билдирди. Каныбек Исаков буга чейин Ош мамлекеттик университетинин ректору болгон. Ал Билим берүү жана илим министри кызматына Гүлмира Кудайбердиева берген арызына ылайык отставкага кеткенден кийин келди.

"Баарыбыз биргеликте аксап жаткан билим берүү тармагын оңдошубуз керек". Мындай пикирин Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Жогорку Кеңеште билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун ант берүү аземинде билдирди. Мамлекет башчысы Каныбек Исаковду куттуктап, берген анттын зор маанисин сезе билип, эл-жерибизге, кыргыз мамлекетине жан дили менен, ак кызмат кылуусун каалады. Өлкө жетекчиси министрдин тажрыйбасы бар, билим чөйрөсүн терең түшүнөт, буга чейин мыкты иштеген адис катары белгилеп, жакшы иштеп берерине үмүтүн билдирди.

«Буга чейин билим берүү министрлигине сын-пикирлер арбын айтылып келди. Билимдин сапатына, сабактардын көлөмүнүн көптүгүнө, китеп басып чыгаруунун кемчиликтерине нааразылыктар көп болду. Бул тармакка бөлүнгөн акча каражаттары жылдан жылга көбөйүп жатат. 1-октябрдан тартып мугалимдердин айлыгы 30 пайызга көбөйдү. Бирок, билим берүү тармагына каражат көбөйгөнү менен, тилекке каршы, эл талап кылгандай, абал оңолуп кеткен жок. Бул министрликтин жетекчилигинин аракети, адамдык фактордун абдан көп таасиринен болуп жатат. Ошондуктан, жаңы министрдин жоопкерчилиги, ага артылган жүк жана ишеним чо. «Бирок, ишти оңдоп кетүү жалгыз министрдин колунан келбейт. Билим берүү тармагы улуттун жана өлкөнүн келечегин аныктайт, билим менен гана жаркын келечекти курабыз. Ошондуктан бир адамдан үмүттөнүп, четте карап отурбай, баарыбыз чогуу бул тармакты, биргеликте оңдошубуз керек»,- деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков.