Жаңылыктар
"Евразия жумалыгы — 2019" эл аралык көргөзмө форуму башталды
Экономика
"Евразия жумалыгы — 2019" эл аралык көргөзмө форуму башталды

Бүгүн, Бишкекте "Евразия жумалыгы — 2019" эл аралык көргөзмө форуму башталды. Иш-чара үч күнгө созулуп, 27-сентябрда аяктайт. Бул төртүнчү жолу өтүп жаткан форумга эки миңге чукул адам катышат. Алар экономикалык интеграция жана бизнес өнөктөштүк маселелерин талкуулашат. 

Ошондой эле 200дөй спикер сөз сүйлөйт. Алардын катарында Кыргызстандын вице-премьери Жеңиш Разаков, Евразиялык экономикалык комиссиясынын төрагасы Тигран Саркисян, ЕЭКтин министрлери жана ири бизнес өкүлдөрү бар.