Жаңылыктар
Кыргызстан Эстониядан тажрыйба алат
Саясат
Кыргызстан Эстониядан тажрыйба алат

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жумуш сапары менен Эстонияда жүрөт. Сапардын алкагында кыргыз делегациясынын мүчөлөрү Эстониянын административдик-аймактык реформа жүргүзүү жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча тажрыйбасын өздөштүрүүгө ниеттенишүүдө. 

Белгилей кетсек, өлкөдө жүргүзүлгөн реформалардын жыйынтыгында Эстонияда 215 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан 79 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы түзүлгөн. Кыргыз делегациясынын мүчөлөрү өлкө парламентинде, Эстониянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу ассоциациясында бир катар жолугушууларды өткөрдү. Анда административдик-аймактык реформа жүргүзүү жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү иштеринин негизги багыттары талкууланды.