Жаңылыктар
Сот отурумдары тасмага түшүрүлө баштады
Саясат
Сот отурумдары тасмага түшүрүлө баштады

Көпчүлүк сот отурумдары тасмага түшүрүлүүдө. Бул сот реформасын ишке ашыруунун алкагында аткарылган иш. Судьялардын ишмердүүлүгү талаш жараткан учурда алардын кандай иш алып барганы жана чечимдери видеотасма аркылуу талданышы мүмкүн. 

Мындан сырткары көпчүлүк соттордо автоматташтырылган маалымат тутуму иштеп жатат. Бул сот аткаруучулардын ишин жеңилдетип, чечимдердин өз убагында аткарылышын камсыз кылат.