Жаңылыктар
Улуттук көчмөндөр оюндары элдин ынтымагын ширетет
Маданият
Улуттук көчмөндөр оюндары элдин ынтымагын ширетет

Таласта өткөн иш-чаранын жыйынтыгы чыгарылып, адистер анын максатын, маданиятка кошкон салымын талдап жатышат. 

Улуттун баа жеткис мурастары жалпы элди ар эки жыл сайын бир туунун алдында бириктирип, көчмөн турмуштун табияты даңазаланат.

Улуттук көчмөндөр оюндары маданият менен элдерди жакындаштырып, спорт аркылуу гуманизмге жол ачат. Соңку жылдары дүйнөнү дүңгүрөтүп жаткан оюндардын мааниси, өзгөчөлүгү Таластагы салтанаттуу аземде да белгиленди. Көчмөндөр оюндары элдин биримдигин бекемдеп, улутка сыймык алып келүүдө.