Жаңылыктар
Кыргыз тили - мамлекеттүүлүктү аныктаган негизги атрибут
Маданият
Кыргыз тили - мамлекеттүүлүктү аныктаган негизги атрибут

Жаштар үчүн кыргыз тилинде сүйлөө - аларга урмат-сый алып келгендей чөйрөнү түзүү зарыл. Мында билим берүү министрлиги чечкиндүү роль ойнойт, бирок, ал жалгыз баарын жасай албайт. 

Бул иштин маанисин мамлекет жетекчилеринен баштап, ар бир жаран, ар бир ата-эне жүрөгү менен сезип, ага чын дилинен катышканда гана ийгилик болот. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз тилине мамлекеттик статус берилгенине 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чарада белгилеген.