Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов сууда сүзүүнүн барсс түрү боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды. Бул туурасында мелдештин расмий сайтында жазылды. Чемионат 24-сентябрда Индиянын Бангалор шаарында башталган.
Белгилей кетсек, Денис Петрашов 2020-жылы Токио шаарында өтө турчу Олимп оюндарына Кыргызстандык спортчулар арасында биринчи болуп лицензия алган. Олимпиадага спортчуда жалпысынан эки лицензия бар.
Буга чейин дүйнө чемпионатында Олимп оюндарына лицензияны грек-рим күрөшү боюнча атамекендик балбан Атабек Азисбеков алган. Ошондой эле жөө күлүк Юлия Андреева лицензияга ээ болгон. Олимп оюндарына Айсулуу Тыныбекованын жолдомосу менен азырынча Кыргызстанда жалпы 5 лицензия бар.