Жаңылыктар
Шашылыш билдирүү! 29-30-сентябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Шашылыш билдирүү! 29-30-сентябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратып, үшүк жүрөрүн кабарлады. 29-30-сентябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлүп жатканы маалым болду. Жекшемби күнү Чүй, Талас облустарынын басымдуу бөлүгүндө, Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл менен Нарын облустарынын айрым жеринде жаан жаап, карга айланат. 

Октябрь айынын башында да өлкөнүн көп жеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап турары айтылды. Чүй менен Жалал-Абаддын тоолуу аймагында жана Ысык-Көл менен Нарында жаан карга айланышы мүмкүн, ал эми тоолорго кар жаайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 22 метрге чейин жетет.

Ал эми 1-2-октябрда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абадда абанын температурасы 0...-2 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлүүдө. Талас, Ысык-Көлдө 0...-3, ал эми Нарында 0...-4 градуска чейин сууктайт.

Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, мал кармоону кыйындатып, жол кыймылын, байланыш, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдаштырат.