“Арт-Ордо” эл аралык VII фестивалы менен “Ош шаары - Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык долбоорунун алкагында Ошто ТҮРКСОЙ уюумуна мүчө мамлекеттердин театр жетекчилеринин жетинчи кеңеши өттү. Анда маданият чеберлери өз ара кызматташуу, театр жаңычылыктарын ортого салып, пикир алмашты. Алдыда боло турган эл аралык маанидеги фестивалдарды уюштуруу, өткөрүү мерчемдери талкууланды. Жаш актерлор үчүн үлгү сабактары өткөрүлдү.
Эске салсак, ушул күндөрү Ош шаарында “Арт-Ордо” эл аралык VII фестивалы өтүүдө. 27-сентябрга чейин улана турган иш-чаранын алкагында Ош шаарынын тургундары менен конокторуна 7 мамлекеттен келген 17 театрдын өнөрпоздору тарабынан спектаклдер коюлат.
"Тажырыйба алмашуу эң башкысы. Көптү билүү ашыкча болбойт. Биз чыгармаларыбызды башка улуттагыларга, алар өздөрүнүкүн бизге алып келип турушса кандай жакшы",- дейт Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору Асылбек Өзүбеков.