Жаңылыктар
Пакистандагы жер титирөөнүн курмандыктары 40ка жетти
Дүйнө
Пакистандагы жер титирөөнүн курмандыктары 40ка жетти

Пакистанда катталган жер титирөөнүн курмандыктары 40ка жетти. Ал эми жабыркагандардын саны 500гө жакындады. Жабыркагандардын 160ынын абалы оор деп айтылууда. 

Эскерте кетсек, Пакистанда шейшемби күнү 6,3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык жердин силкинүү толкуну бир катар ири шаарларга чейин жеткен. 

Учурда аскерлер кыйроодон жабыр тарткандарга жардам берүү жана куткаруу иштерин жүргүзүп жатышат. Зилзаладан өлкөнүн Исламабад, Лахор, Фейсалабад, Даск, Пешавар сыяктуу 10догон шаарларда бир катар имараттар жана жолдор кыйроого учураган.