Жаңылыктар
Трампка импичмент жарыяланабы?
Дүйнө
Трампка импичмент жарыяланабы?

АКШ Конгрессинин Эл өкүлдөр палатасы президент Дональд Трамптын аракеттери боюнча формалдуу иликтөө жүргүзүү демилгесин көтөрдү. Анын жыйынтыгында президентке импичмент жарыялоо чечими кабыл алынышы мүмкүн. Бул тууралуу шейшембиде спикер Нэнси Пелоси билдирди. Ал Трампты Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө Конституцияны бузган деп айыптады. 

Буга чейин атайын кызматтын жашыруун өкүлү Трамп Зеленский менен сүйлөшкөн маалда ага басым жасап, 2020-жылы президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген Жо Байденге каршы Украинада иликтөө жүргүзүүнү талап кылганын айткан. Пелоси Конгресске аталган кызматкердин билдирүүсүнүн тексти менен таанышууга мүмкүндүк берилбей жатканын белгиледи. Айтымында, Трамптын ишмердүүлүгүн Эл өкүлдөр палатасынын алты комитети иликтейт. 

Эгер алар президент мыйзам бузган деген жыйынтыкка келсе, палатада мамлекет башчыга импичмент жарыялоо маселеси боюнча угуулар өтөт. Анда импичмент жарыялоо колдоо тапса, бул чечим сенаторлордун үчтөн экисинин макулдугу менен бекитилиши керек.