Жаңылыктар
Президент "Бир айыл - бир продукт" долбоорун колдойт
Айыл чарба
Президент "Бир айыл - бир продукт" долбоорун колдойт

Президент Сооронбай Жээнбеков “Бир айыл – бир продукт” долбоорун Кыргызстандын ар бир облусунда ишке ашырууну колдойт. Мамлекет башчысы Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылындагы “Бир айыл – бир продукт” долбоорунун ишмердиги менен таанышты. 

Мамлекет башчысы чыгарылган продукцияларды – кийизден жана териден жасалган түрдүү буюмдарды, азык-түлүктөрдү, экологиялык жактан таза кайра иштетилген айыл чарба продукциясын көрүп чыгып, ар бир айыл жана район жергиликтүү ишкерликти өнүктүрүү үчүн өз мүмкүнчүлүктөрүн колдоно алаарын белгиледи. 

Сооронбай Жээнбеков эми Ысык-Көл облусунда гана эмес, өлкөнүн бардык дубандарында «Бир айыл – бир продукт» долбоорун ишке ашырууга техникалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн Япон эл аралык кызматташтык агенттигине ыраазычылыгын билдирди.

“Биз кайра иштетүү ишканаларын куруу ниети жана тиешелүү долбоорлору бар айыл ишкерлерине өзгөчө көңүл буруудабыз. Бардык финансылык, кредиттик, бюджеттик саясатты дагы региондорго бурдук. Биздин өлкөдө аймакты көтөргүсү келген адамдар көп, аларга колдоо керек. Ошону колго алып жатабыз”,- деди президент Сооронбай Жээнбеков.