Жаңылыктар
Май айынын маанайы кандай болот?
Өзгөчө кырдаал
Май айынын маанайы кандай болот?

 Май айында Кыргызстанда абанын температурасы климаттык нормадан бир-эки градус жылуу болот деп күтүлүүдө.  Анткен менен жаан-чачындуу аба ырайы дагы бир аптага созулат. 

2-майдагы жаан 3-майда да көпчүлүк аймактарда күтүлөт. Бийик тоолуу райондорго кар түшсө, айрым аймактарга жаан-чачын катуу жаайт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет.
Мындай туруктуу эмес аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
30-апрелден 6-майга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

 Жаан-чачындуу туруксуз аба ырайы май айынын 11 чейин созулат. Андыктан арыктардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, республиканын сел жүрүп кетүү коркунучу бар аймактарда селдин жүрүүсү күтүлөт. Ал негизинен май айында абанын температурасы 32 градуска чейин жетет. Мындай температура, жылдагы нормадан 3 градуска жылуу дегенди билдирет.
 Май айында өлкө аймагында күн ысык болуп, жаан чачын азайат деп күтүлүүдө. Ошондо аба ырайы климаттык нормадан 3 градуска чейин жогорулап, орто эсеп менен +20…+25 градустун деңгээлинен , +27…+32 градуска чейин ысыйт.
Адистердин маалыматы боюнча, жай мезгилинин башталышы менен, абанын температурасы түнкүсүн 19 градус жылуу болсо, күндүз 35 градуска чейин жогорулашы күтүлүүдө.