Жаңылыктар
Инвестициялык мүмкүнчүлүктү көрсөткөн атайын сайт ачылды
Экономика
Инвестициялык мүмкүнчүлүктү көрсөткөн атайын сайт ачылды

Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгүн көрсөткөн атайын сайт ачылды. Бул тууралуу инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Шумкарбек Адилбаев билдирди. 

Айтымында, сайтты иштетүүгө эл аралык донорлор жардам берип, иштеп чыгууга бизнес-эксперттер катышты. Invest.gov.kg сайтында Кыргызстанга инвесторлордун көңүлүн бурдуруу максатында өлкө жана жети дубан тууралуу бардык маалымат жайгашкан. 

Ошондой эле, ийгиликтүү бизнес жүргүзүп жаткан ири компаниялар менен таанышууга болот. Бул өз кезегинде эксперттердин пикиринде, Кыргызстанга акча салууга кызыккан тараптар үчүн инвестициялык карта болуп саналат.