Жаңылыктар
Футзал: Кыргызстандын курамасы Иран менен беттешет
Спорт
Футзал: Кыргызстандын курамасы Иран менен беттешет

2020-жылдын Азия чемпионатынын тандалма раундуна катышуу үчүн Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасынын кеңейтилген тобунун мүчөлөрү аныкталды. Кыргызстандын футбол федерациясы билдиргендей, кеңейтилген тизмеге 20 оюнчу кирди. Азыркы убакта атамекендик курама команда Ысык-Көлдө жүрөт. 

Азия чемпионатынын тандалма бөлүгүндө чучукулак тартылгандан кийин Кыргызстандын курама командасы Иран жана Түркмөнстандын курамалары менен чогуу “В” тайпасына түшүп калышты. 2020-жылы Түркмөнстанда өтө турган турнирдин финалына тайпада 1-2 орун алган командалар катышат.