Жаңылыктар
Футбол: өлкө Кубогунун жарым финалдык оюндары болуп өттү
Спорт
Футбол: өлкө Кубогунун жарым финалдык оюндары болуп өттү

Футбол боюнча өлкө Кубогунун жарым финалдык оюндарынын жооптуу беттеши болуп өттү. Бишкек шаарында "Дордой" "Алга" курама командасын кабыл алса, Кочкор-Ата шаарында "Нефтчи" "Академия-Лидер" командасы менен ойноду. 

Бишкектеги оюн "Дордойдун" пайдасына 4:1 эсеби менен чечилди. "Нефтчи" "Академия-Лидерди" 5:1 эсебинде жеңип, финалга аттанды. Финалдык оюн 27-октябрда өтөт.