Жаңылыктар
Таиландда оор атлетика боюнча Дүйнө биринчилиги өттү
Спорт
Таиландда оор атлетика боюнча Дүйнө биринчилиги өттү

Таиланддын Паттайя шаарында оор атлетика боюнча Дүйнө биринчилиги өттү. Бул мелдешке атамекендик спортчулар Эмил Молдодосов жана Бекдөөлөт Расулбеков катышты. Эмил Молдодосов 81 кг салмактык категорияда күч сынашып, жулкуп көтөрүүдө 153 кг салмакты көтөргөн. 

Ал эми түртүп көтөрүүдө 180 килограммды алып, жалпы 333 кг салмакты багындырган. Бул жыйынтык менен ал 41 спортчунун арасынан 18-орунду алды. Бекдөөлөт Расулбеков 96 кг салмакта жулкуп көтөрүүдө 170 кг салмакты багынтса, түртүп көтөрүүдө 197 килограммды көтөрдү. Жалпы эсеби 367 кг болуп, 39 спортчунун арасынан 10-орунду алды. Белгилей кетсек, бул Дүйнө чемпиондугуна Иззат Артыков жаракатынан улам катыша албай калган.