Жаңылыктар
Сузактын тургундары коопсуз жайга көчүрүлүүдө
Өзгөчө кырдаал
Сузактын тургундары коопсуз жайга көчүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу, Алмалуу-Булак айылынын тургундары жер көчкү коркунучунан оолак жерге көчүрүлө баштады. 27-30-апрель күндөрү, дал ушул айылда 5 жеринде 3,5 млн куб көлөмдөгү көчкү жүрүп, бир адамдын өмүрү кыйылган. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов абалды жеринен көрүү үчүн, аталган айылга барды.

Алмалуу-Булак айылынын Башы участкасында 7 үй жер көчкүнүн алдында калды. Жашы жете элек бир өспүрүм көз жумду. Бул окуядан кийин жергиликтүүлөр өз үйлөрүн таштап көчө башташты. 

Үч-Чат айылда абал оор. Бул айылда 3 күндө үч жолу ири өлчөмдө жер көчкү түшкөн. Ал эми Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү 131 коопту жер болсо, анын 77 жакынкы аралыкта көчкү жүрүшү мүмкүн. Мындай коопту абал сакталган аймактан бардык эле тургундар көчүп кете элек. Анткени алар жүрүүчү нергизги жолду көчкү басып калган.
 Алмалуу-Булак айылынын көпчүлүк участкасы кооптуу экени 1994-жылы эле аныкталган.
 "Бул аймактагы 78 үй-бүлө 94-98-жылдары мамлекет тарабынан жардам алышкан.Бирок көчүшкөн эмес.Азыр муна көчкү жүрдү эми мындагылардын 90 пайызы көчүүгө макул болуп жатышат” -  дейт Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов.

 Бул күнү башкы куткаруучу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушту. Мында ссуда алып, бирок башка жака көчүүнү каалабагандар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аларды коопсуз жайга көчүрүү боюнча тапшырмалар берилди.