Жаңылыктар
Элеттеги көйгөйлөр ырааты менен чечилет
Аймак
Элеттеги көйгөйлөр ырааты менен чечилет

 

Президент Сооронбай Жээнбековдун аймактарга болгон жумуш сапары уланууда. Өлкө башчысы бүгүн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. 

Элеттеги көйгөйдү жеринен угуп, карапайым калктын маселесин ырааттуу түрдө чечүүгө акыркы эки жылдан бери басым жасалып келе жатат. Жети-Өгүз районунда да аткара турган иштер арбын болгону менен, аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында чоң өзгөрүүлөр башталганын жергиликтүү тургундар айтышты.