Жаңылыктар
“Ийгиликтүү аймак” долбоору натыйжа бере баштады
Аймак
 “Ийгиликтүү аймак” долбоору натыйжа бере баштады

 ЮСАИДдин колдоосу менен 50дөй айыл, шаарлардын жетекчилерине аймактарды өнүктүрүү багытында кеңештер берилди. Бүгүн анын натыйжалары талкууланып, жер-жерлерден келген өкүлдөр тарабынан долбоорлор тааныштырылды. 

Уюмдун кеңешин алган жергиликтүү бийликтегилер таза суу, жер иштетүү, каражатты үнөмдүү пайдалануу, айылдарда бий жана спорттук ийримдерди уюштуруу өңдүү багыттарда натыйжа көрсөтүшкөн.