Жаңылыктар
Кыргызстан-Түркия: инвестициялык мүмкүнчүлүк чоң
Экономика
Кыргызстан-Түркия: инвестициялык мүмкүнчүлүк чоң

 Былтыр Кыргызстанга Түркиядан 93 млн. доллар тикелей инвестиция келген. Эки тарап быйыл бул көрсөткүчтү тараптар дагы жогорулатуу ниетинде. 

Өлкөдө ар кандай тармакта иш алып барган 600дөн ашык түрк компаниялары бар. Алардын жүзү жигердүү иштеп жатат. Дагы жүздөн ашык ири Түрк компанияларынын өкүлдөрү Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп көрүү үчүн келди. Эки мамлекеттин айыл чарба тармагы боюнча да кызматташтыгы жолго коюлган.