Жаңылыктар
Абылгазиев: «контейнерде» жана чатырларда мектептер болбош керек
Билим
Абылгазиев: «контейнерде» жана чатырларда мектептер болбош керек

Өлкөдө авариялык, контейнерде жана чатырларда мектептер болбош керек. Биринчи кезекте авариялык абалдагы мектептердин ордуна жаңы курула турган жалпы билим берүүчү мекемелер каржыланат. Бул туурасында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «капиталдык салымдар» беренеси боюнча билим берүү объектилеринин курулуш иштеринин жүрүшү талкууланган жыйында билдирди. 

Жыйындын жүрүшүндө 2017-2018-жылдардын аралыгында республика боюнча 243 билим берүү объектиси курулганы айтылды. Анын 121 мектеп жана спорт зал, 122 бала бакча. Бул үчүн 5,2 млрд. сом бөлүнгөн. 2019-жылы 46 объекттин курулуш иштери аяктаган, алар 28 мектеп жана 18 бала бакча. Премьер-министр авариялык абалдагы мектептер өзгөчө тынчсыздандырып жатканын белгиледи.