Жаңылыктар
КТРК: Байкоочу кеңеш кыргызча көрсөтүүлөргө басым жасоону сунуштады
УТРК жаңылыктары
КТРК: Байкоочу кеңеш кыргызча көрсөтүүлөргө басым жасоону сунуштады

КТРК жаңы телевизиондук сезонго ийгиликтүү кирди. Бул туурасында каналдын Байкоочу кеңешинин кезектеги отурумунда айтылды. Кеңештин мүчөлөрү, жаңы долбоорлор жана жаңы жасалгалар жогорку деңгээлде болгондугун белгилешти. 

Жыйынга катышкан коомдук каналдын директору Жайнак Үсөн уулу, бул жетишкендиктер чек эмес алдыда ар бир каналда жаңылануулануулар, жаңы форматтагы долбоорлор дагы даярдалып жатканын кошумчалады. 

Ал эми коомдук кеңештин мүчөлөрү кыргыз тилиндеги көрсөтүүлөргө басым жасоону сунушташты. Ошондой эле, кеңеште КТРК тууралуу мыйзамга сунуш киргизүү маселелери айтылып, Байкоочу кеңештин төрагасынын ишмердүүлүгү жөнүндө сөз болду.

"Контенттин сапаты тууралуу сөз болуп жатат, жакшыртыш керек. Коомдук канал - коомдун көйгөйүн чагылдырыш керек",- деди КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Анаш Кадырова.