Жаңылыктар
"Centerra Gold" компаниясынан түшкөн каражатты максаттуу пайдалануу маанилүү
Экономика
"Centerra Gold" компаниясынан түшкөн каражатты максаттуу пайдалануу маанилүү

"Centerra Gold" компаниясынан келип түшкөн каражаттарды курчап турган чөйрөнү коргоого жана аймактарды өнүктүрүүгө максаттуу пайдалануу эң маанилүү. Бул туурасында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда Өкмөттүн жана "Centerra Gold" компаниясынын ортосунда курчап турган чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Стратегиялык келишимди ишке ашыруу боюнча өткөргөн кеңешмеде билдирди. 

Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү фондунун башкы милдеттеринин бири, аймактардагы экспортко, инновациялык технологияларга, жеңил жана тамак-аш өнөр жайына, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө, жер-жерлерде инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган жаңы ишканаларды түзүү жана колдоо.