Жаңылыктар
“Кумтөрдөгү" купуя сырлар...
Коррупция
“Кумтөрдөгү" купуя сырлар...

Өткөн аптада “Кумтөр” жакшы эле дүңгүрөдү.  “Кумтөрдүн” активдери сыртка мыйзамсыз чыккан. Мындан улам, Кыргызстандын укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоп, компаниянын кеңсесин тинтүүгө алды. Бул окуядан кийин ишемби күнү “Кумтөрдүн” эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Негизи тергөө органдары бул эки жаран менен биргеликте иликтөө иштерин жүргүзмөк. Эгер алар кайра кайтып келбесе Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чара көрүлөт. 

 Компаниянын активи мыйзамсыз сыртка чыкканы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кеңсеси тинтүүгө алынды. Ал ортодо "Кумтөр Голд Компанинин" 2 вице-президенти өлкөдөн чыгып кеткенге үлгүрдү. Айтпай-дебей кетип калган эки чет элдин жараны кайра кайтып артка келбесе, кыргыз мыйзамына ылайык чара көрүлмөй болду. Анткени укук коргоо органдары ошол тиешелүү жетекчилер менен иликтөө иштерин жүргүзмөк.
 

Кыскасы, “Кумтөр” чубактын кунундай чубалган маселеге айланды. Ал экономикалык эмес, саясий долбоорго айлангандай.
 “Центарра Голд” дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө кен иштетет. Бирок олжолуусу Кыргызстандагы “Кумтөр”. Алар буга чейин өз ыңгайына карап иш кылчу. Бул жолу да көнгөн адат менен дивиденддерди чыгарып кетүү тажрыйбасын колдонду, - дейт серепчилер. Анан да компания айрым маалыматтарды ачыкка чыгарбай, көпчүлүгүн жашырып койгону айтылып келет.
“Акционердик коомдор боюнча мыйзамдын 9чу бөлүмүндө жазылып турат. Анда минтип жазылган: келишимдер боюнча, кызыкдар келишимдерди, орусча айтканда, заинтересованный сделкилерди ачыш керек. Алар мыйзам ченемдүү болуш керек. Биздин биржага да андай маалыматтар келип түшкөн эмес. Мыйзамдуу маалыматтар келген эмес” - дейт Фондулук биржанын директорлор кеңешинин төрагасы Абдулатип Султанов.
 Эскерте кетсек, каржылык мыйзам бузууларга байланыштуу эки жыл мурун “Кыргызалтындын” ошол кездеги жетекчиси Дилгер Жапаровго кылмыш иш козголуп камакка алынган. Ага 200 миллион доллар дивидендди “Центерра Голд” компаниясына которуп берген деп айып тагылган.
 Ал арада Канаданын баалуу кагаздар боюнча улуттук агенттиги “Центерра Голддун” менеджментине карата кызматтык иликтөө жүргүзө баштады. Буга акционерлердин кайрылуусу себеп болгон. Ал эми “Кумтөр Голд Компанинин” эсеп-кысаптары жана иш кагаздары боюнча Кыргызстандын укук коргоо органдары аудит жүргүзөөрү да айтылууда.