Жаңылыктар
Борбор Азия мамлекеттеринде 4 жылдык каржы долбоору ишке кирди
Экономика
Борбор Азия мамлекеттеринде 4 жылдык каржы долбоору ишке кирди

Бүгүн Бишкек шаарында Кыргызстандагы каржылык кызмат көрсөтүүнүн жетиштүүлүгүн жогорулатуу максатында иш-чара болуп өттү. Дүйнөлүк банктын изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында, республикада каржылык кызмат көрсөтүү жетишсиз. Ошондой эле, насыя жана каражат топтоо бөлүмдөрүндө да тейлөө солгун. Абалдан чыгуу максатында эл аралык каржы корпорациясы Борбор Азия мамлекеттеринде 4 жылдык долбоорун ишке киргизди. 

Долбоордун негизги максаты - Улуттук банкка жана кызыккан тараптарга каржылык кызмат көрсөтүүнүн жетиштүүлүгүн жогорулатуу боюнча Улуттук стратегияны ишке ашырууга жардам берүү. Бул стратегия өз натыйжасын берген Дүйнөлүк банктын тажрыйбасына негизделет. Долбоор Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланат. Каражаттын жалпы суммасы 3 млн. 700 миң долларды түзөт.

"Долбоор абдан маанилүү. Азыр адамдардын финансылык сабаттуулугу жок. Бул долбоор республиканын бардык облустарында каралат",- деди Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов.