«Прямой эфир» көрсөтүүсүндө айткандары үчүн Андрей Малаходун кечирим суроосун Кыргызстандыктар талап кылууда. Анын орунсуз сөздөрүнө карата Россиянын Кыргызстандагы элчилиги үн катты.
«Биздин баатыр - Малахов эмес. Бир адамды таарынтып алуу оңой, бирок бул ой менен өмүр сүрүү кыйын. Мындан да жаманы - бүтүн бир улутка акаарат келтирүү...» - деп жазылат, социалдык тармактагы дипломатиялык өкүлчүлүктүн баракчасында.
Андрей Малаховго байланышканыбызда телефону өчүк болуп чыкты. Анын кесиптештерине чалсак, кайра өздөрү чаларын айтып, кайра байланышка чыксак, “кийинки көрсөтүү жаздырылып жатат”- деп, жооп беришкен жок. Белгилей кетсек, Маруговдор бул программага алгач ирет чыгып жаткан жок. Буга чейинки көрсөтүүдө олигархтын аялы менен ажырашуусуна байланышкан чыр чагылдырылган.