Жаңылыктар
Кыргызстандык теннисчи кыз чет өлкөдө камакка алынды
Спорт
Кыргызстандык теннисчи кыз чет өлкөдө камакка алынды

Өзбекстандык жана Кыргызстандык 2 теннисчи кыз Францияда камакка алынды. Алар алдын ала сүйлөшүлгөн беттешке катышууга айыпталып жатышканын «Le Monde» гезити жазды.

Басылманын маалыматы боюнча, спортчу кыздар 23-24-сентябрь күндөрү Клермон шаарында турнир өтүп жаткан учурда кармалган. Алар Понтуаз шаарында соттун алдында жооп беришти.

Теннисчилер Францияда өткөн алдын ала сүйлөшүлгөн турнирге катышууга шектелип жатат. Өзбекстандык спортчу байге фонду 15 миң доллар болгон «ITF Gonesse» турниринде атайын утулган деп айыпталды. Ал эми Кыргызстандык спортчу ага ортомчу болгон.

Учурда Клермон шаарында байге фонду 25 миң долларды түзгөн турнир өтүп жатат. Турнирге өзбекстандык Алина Хабибулина менен кыргызстандык Ксения Палкина катышкан. Спортчулар бирден оюн өткөргөндөн кийин 24-сентябрда турнирден четтетилген.

Быйыл март айында Францияда өткөн турнирге Алина Хабибулина катышып, франциялык Аминате Сэллден утулуп калган. Бул турнирге Өзбекстан менен Кыргызстандан башка спортчулар катышкан эмес.